Коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык 2020-жылдын 15-апрелинен таңкы саат 08.00дөн баштап 30-апрелинин саат 08.00гө чейинки убакытына Нарын облусунун Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал режими киргизилди.
Буга байланыштуу бүгүн Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында бүгүн Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун каменданты, Нарын ОИИБнын начальниги, милициянын полковниги У.Аалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Нарын шаарынын мэри, мекеме иш-каналардын кызматкерлери жана күч түзүмдөрүнүн катышуусунда саптык кароосу өткөрүлдү.
Анда өзгөчө абал режими боюнча иш алып барып жаткан кызматкерлерге каменданттын буйруктары тааныштырылды.
Ошондой эле жугуштуу оорунун алдын алууда кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин өз коопсуздугун сактоо боюнча да тыкыр нускамалар өткөрүлдү.
Ал эми өзгөчө абал-бул жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо максатында республика боюнча же анын айрым аймактарына киргизиле турчу убактылуу чара болуп эсептелет.
Өзгөчө абал режими Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндигин чектеп, аларга да кошумча милдеттерди жүктөйт.
Өзгөчө абалдын тартибин бузган, аткаруудан баш тарткан, баш ийбеген, чагымчылдык жаратчу айың, имиштерди тараткан жарандар мыйзам чегинде жазага тартылат. Жөө жүргөн, маска тагынбаган жарандарга дагы чара көрүлөт.
Комендант У. Аалиевдин маалыматына ылайык, бүгүн, 15-апрелден баштап кечки саат 21.00дөн эртең мененки 06.00гө чейин коменданттык саат киргизилди.
Нарын шаарына 4 жерге блок-посттор, 4 жерге фильтрациондук посттор коюлду. Ал эми Ат-Башы району боюнча 5 жерге блок-пост, 21 аймакка фильтрациондук посттор жайгаштырылды.
Өзгөчө абалдын эрежелерин так сактап, илдеттин жайылышына бөгөт коюуга жалпылап жардам бересиздер деген ишеничтебиз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ