Menu

Алмазбек Орозалиев, комендант: “Карантиндик посттордогу тыгын айдоочу менен жүргүнчүнүн дене табын өлчөөчү дарыгерлер иштешип жатканынан улам пайда болууда”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев шаардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.

Андан жарандар Байтик Баатыр жана Токомбаев, Курманжан Датка жана Салиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги посттордо эмне үчүн тыгын пайда болуп жатат деп сурашты.

Суроого комендант, “өткөрүү пункттарында Башкы штабдын аскер кызматкерлери гана эмес, айдоочу менен жүргүнчүнүн дене температурасын өлчөөчү дарыгерлер иштешет. Андан тышкары жарандардын документтери дагы текшерилет, буга бир аз убакыт талап кылынат. Ушундан улам унаалар топтолуп, тыгын пайда болот”,- деп жооп берди Орозалиев.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: