Бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарындагы Лермонтов жана Ворошилов көчөлөрүнүн кесилишинде патрулдук милициянын унаасы жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын сүрөтү социалдык тармактарда тараган.
Бул маалыматты Бишкек шаарынын комендатурасынын сөз кызматы тастыктап, жол кырсыгы эрте мененки сатт 6:20да болгонун билдирген.
Кырсыктын кесепетинен 2 адам – “Lada Priora” унаасын башкарган милиция кызматкери жана кичи автобустун айдоочусу жабыркаган. Экөө тең Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.
Учурда окуянын жагдайлары такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ