Ысык-Көл облусунда 12 медициналык кызматкер үй карантинине жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде аймактык оорукананын дарыгери Индира Осмоналиева билдирди.
Анын айтымында, мурда коронавирус диагнозу коюлган эки адам облустук оорукананын обсервациясынан чыгарылган.
“Алар даарылануудан өтүштү. Анализдеринен вируска терс натыйжаларды алгандан кийин, алар 14 күндүк үй карантинине жөнөтүлдү. Ал эми аларды дарылаган дарыгерлер медициналык мекемеде иштерин уланып жатышкан. Бүгүн алар үй карантинине жөнөтүлүп, оордулары башка доктурлар менен алмаштырылууда. Обсервацияда иштеген медициналык кызматкерлердин бардыгы атайын кийимдерге ээ болушту. Бүгүнкү күндө коронавирус менен ооруган эки адам обсервацияда дарыланууда”, – деди ал.
Аталган аймакта алты адамда коронавирус бар экени аныкталган. Алардын төртөө оорудан айыгышкан. Ал эми 2 адам дарыланып жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ