Жалал-Абад облусунун аймагында өткөн бир сутканын ичинде 24 кылмыш иши катталды, алардын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок. Ошол эле бир суткада шаар жана райондук ички иштер башкармалыктарына 62 жаран жеткирилип, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми коменданттык саатты бузган 3 жаран кармалды. Бир суткада Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 88 автоунаа айып аянтчасына токтотулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков онлайн-брифингде билдирди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ