“Өкмөт тарабынан азыркы мезгилде дыйкандарга жалпы чарба, айыл чарба иштери менен алектенгендерге толук колдоо көрсөтүлүп жатат. Аларга күндүзгү мезгилде, айрыкча авто унаа техникага өтүү пропусктары берилип жатат. Ошонун негизинде коменданттык сааттын убактысы 21:00дөн таңкы 06:00гө чейин узартылган. Биз жакшы эле түшүнүп жатабыз жаз жарыш, күз күрөш демекчи жаздын бир күнү жылга тете. Ошондуктан бул тармак менен алектенген жарандарыбызды түшүнүп турабыз. Сиздерге дан азыктары же автоунааңыздарга тетиктер керек болсо бул жатта тиешелүү соода түйүндөрү баардыгы ачык, иштеп жатат”, – деди Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков бүгүн, 16-апрелде онлайн брифинг учурунда жарандардан келген суроолорго жооп берип жатып.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ