Нарында каттоодо туруп, бирок азыр башка аймактарда жайгашкан жарандар учурдагы кырдаалга байланыштуу 30-апрелге чейин шаарга кире албайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрель күнү Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.
Анын айтымы боюнча, бул чектөөлөр коомдук саламаттыкты сактоо үчүн киргизилген.
Ал ошондой эле, ар бир айылга дары-дармектерди жана тамак-ашты ташуу үчүн атайын унааларга өткөрмө кагаздары берилгенин билдирди.
Эске салсак, кечээ, 15-апрелден тартып Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ