Чүй районунун Арал айылында, Токмок шаарынын жанында эркек киши беш жашар кичинекей кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде журналисттерге укук коргоо кызматкерлери кабарлашты.
Алардын айтымында, кечээ, 15-апрелде эртең менен Арал айылынын тургундары айылдагы сарайлардын биринен бир эркек кишини кармашкан. Ал кичинекей кызды кармап, аны зордуктоого аракет кылып жаткан.
Ал эми тургундар кылмышка шектүүнү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүнү аныкташкан. Ал 28 жаштагы Ш.А.аттуу жаран экени белгилүү болгон. Ошол эле күнү ал кармалып, Токмок шаардык ички иштер башкармалыгына жайгаштырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ