Menu

Видео – Новосибирск облусунун бийлиги: Кыргыз тарап учактын учушуна уруксат берген эмес

Бөлүшүү:

Россиянын Новосибирск облусунун бийлиги кыргыз өкмөтүнүн “кыргыздардын өз мекенине кетиши алардын демилгеси боюнча ишке ашпай калган” деген маалыматты четке кагууда. Бул тууралуу алар Кыргызстандын жарандары менен жолукканда билдиришкен.

Алардын айтымы боюнча, S7 Airlines Кыргызстанга учууга даяр болчу, бирок кыргыз өкмөтүнүн жетекчилиги уруксат берген эмес.

Авиакомпания кыргыз жарандарын мекенине жеткирип, ал жактагы россиялыктарды алып кетүүгө даяр болчу. Бишкекте Новосибирсктин тургундары бар, алар рейсти күтүп жатышат. Бирок кыргыз тарап учууга уруксат берген жок. Бардыгы өлкөңөрдүн жетекчилигинен көз каранды” – деп билдирди Новосибирск администрациясынын өкүлдөрү.

“Новосибирскиде жолдо калган жарандарыбызды мекенге алып келүүдө кемчиликтер боюнча өкмөткө сын айтып келдик, көбү жаман көрдү. 11-апрелдеги Новосибирск-Бишкек рейсинин болбой калышы биздин өкмөт тараптан кеткенин айтканыбызда PR кылып, элдин башын айлантып жатасыңар дедиңер айрым депутаттар, өкмөт мүчөлөрү. Мына далил! Бир шылтооңор жок, мекендештерибизди чыгарууга РФ тарап даяр, эми кабыл алгыла! Жок дегенде сырттагы мекендештер менен түз баарлашып, акыбалын сураганга жараган жоксуңар! Уят!” – деп жазган бул видеотасмага комментарий берип “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: