Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 359 миң 703 жардамга муктаж үй-бүлө бар. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде өкмөттүк брифингде Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.
“Ушул тапта 170 миң 16 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Өлкөдөгү муктаж болгондордун 65-70 пайызы азык-түлүк түрүндө жардам алышты. Ал эми колдоо мындан ары да улана берет “,- деди Жаманкулов.
Аймактар боюнча муктаж үй-бүлөлөрдүн саны:
– Бишкек шаары – 49 миң 47 (алардын ичинен 34 миң 106 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү);
– Ош шаары – 27 миң 778 (алардын ичинен 7235 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү);
– Чүй облусу – 52 миң 21 (алардын ичинен 29 миң 153 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү);
– Ош облусу – 54 миң 194 (алардын ичинен 38 миң 405 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү);
– Баткен облусу – 26 миң 641 (алардын ичинен 7654 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлд);
– Жалал-Абад облусу – 66 миң 20 (алардын ичинен 25 миң 397 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү);
– Нарын облусу – 23 миң 966 (алардын ичинен 5249 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү);
– Талас облусу – 15 миң 68 (алардын ичинен 6623 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү);
– Ысык-Көл облусу – 44 миң 968 (алардын ичинен 16 миң 195 үй-бүлөгө жардам берилди).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ