Бүгүнкү күндө республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирустук инфекциясы аныкталган 96 бейтап дарыланып жатат, алардын 39у медициналык кызматкерлер. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
Анын айтымы боюнча, ооруканада негизинен эпидемиологдор жатат, алардын арасында бир медайым жана бир хирург бар. Ооруканада 4 бейтап оор абалда, анын ичинде 1 дарыгер-эпидемиолог бар экенин айтты.
“Бизде аларды дарылоо үчүн бардык каражат бар. Албетте, кээде кереметке ишенүү кыйын, бирок биз 53 жаштагы бейтапты реаниматологдордун жардамы менен өтө оор абалдан чыгарып алдык. Кечээ консилиум өткөрдүк, азыр бейтаптын абалында оң динамика байкалууда, ал айыгып жатат” – деп билдирди Гүлжигит Аалиев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 466 адамдан коронавирус аныкталган, анын ичинен 104ү медициналык кызматкер.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ