Menu

Уланбек Аалиев, комендант: “Нарын шаардык милициясы 4 кишиге коронавирус жуктурган жарандын ишин иликтөөдө”

Бөлүшүү:

Нарын шаарынын милиция кызматкерлери санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу фактысы боюнча О.М. аттуу тургунга карата козголгон кылмыш ишин иликтеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, ал жаран 15-мартта Пакистандан Өзбекстан аркылуу Бишкекке келген. Бишкек шаарында 19-мартка чейин жүргөн, андан кийин Нарын шаарына такси кызматы менен келген. Ал 4 адамга вирусту жугузган. Бул жаранга кылмыш иши козголгон, Нарын шаардык милиция кызматы тергөө амалдарын жүргүзүп жатат” – деп билдирди комендент.

Белгилей кетсек, коронавируска чалдыккан бейтап оорудан айыгып, 14-апрелде үйүнө чыгарылган.

Буга чейин,  Пакистанга даваатка барып таажывирус жуктуруп келген О.М. аттуу Нарындын тургуну дарылануудан баш тарткандыгы үчүн сотко чейинки иликтөө башталганы айтылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: