Ош облусундагы ооруканалардын биринде коронавирустук инфекциясын жуктуруп алган үч кош бойлуу аялдар дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бейтаптардын бири 39 жумалык, экинчиси 32 жумалык, үчүнчүсү 16 жумалык кош бойлуу энелер.
Учурда алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Өлкө боюнча коронавирус инфекциясын 466 адам жуктуруп алган. Ал эми вирустан 91 бейтап айыгып, 5 адам көз жумду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ