Menu

Эртең, 17-апрелде Стамбулдан кыргыз жарандарынын учуп келиши күтүлөт

Бөлүшүү:

Эртең, 17-апрель күнү Стамбул – Бишкек аба каттамы менен Түркиядан кыргызстандыктардын келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов билдирди.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматовдун жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Наталья Никитенко премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге расмий кат жиберишкен. Исхак Пирматов Фейсбуктагы баракчасына премьер-министрге жиберген катынын сүрөтүн жүктөгөн.

“Муз ордунан жылды окшойт. Президенттин аппаратына жардам бергендиги, маселени чечкендиги үчүн ырахмат. Өкмөт чартердик рейстерди бүгүн кечинде аткарууга убада берди. Жеңиш Молдокматов менен Наталья Никитенкого жардам жана кызматташуу үчүн өзгөчө ыраазычылык!” – деп жазган Исхак Пирматов.

“ТИМдин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевге шилтеме берип айткан маалыматына таянсак, Түрк аба жолдору 17-апрелде түнкү саат 3тө учак менен кыргыздарды мекенине жөнөтүүгө даяр”, – деп жазылат катта.

Бул үчүн Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин уруксаты талап кылынган жана ал уруксат алынган. Буга премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жардам берген.

Исхак Пирматов менен Наталья Никитенко премьер-министрден башка өлкөдөгү кыргыз жарандарын алып келүү маселесин дагы чечүүнү суранышкан.

Республикалык штаб журналисттерге билдиргендей, Түркиядан 200дөй жарандын келиши күтүлүүдө. Алар келгенден кийин обсервацияга жаткырылат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: