Menu

Курманакун Матенов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Матенов Курманакун Убанкожоевич Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кол койгон.

Курманакун Матенов 1965-жылы 15-июлда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр айылында туулган. Учурда ал 54 жашта.

Ташкент командалык жогорку аскер окуу жайын (1987-ж) жана Москва шаарындагы М.Фрунзе атындагы Аскер академиясын артыкчылык диплому менен аяктаган (1997-ж).

Эмгек жолун СССР Коргоо министрлигинин 03264 аскер бөлүгүнүн взвод командири болуп баштаган. Кийин ал ошол эле бөлүмдө ротанын командири болгон.

1992-1994-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын өзүнчө отрядынын командиринин орун басары жана күзөт ишканасынын командири болуп эмгектенген.

1998-1999-жылдары КРнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабында иштеген, башкы оперативдик бөлүмдүн башчысынын орун басары жана Башкы аскердик чалгындоо бөлүмүнүн башчысы болгон.

2003-жылдан тартып Кыргызстандын Чек ара кызматында иштеген. Ал аскердик даярдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмдүн башчысынан чек ара кызматынын төрагалыгына чейин көтөрүлгөн.

Курманакун Матенов буга чейин ЖК комитетинин бөлүм башчысы кызматына дайындалган. 2011-жылдан 2013-жылга чейин Коргоо жана коопсуздук комитетинин бөлүмүн жетектеген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: