Токиодогу дүкөндөрдүн бири
Жапония бийлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөнүн бардык аймактарына өзгөчө кырдаал киргизди.
Премьер-министр Синдзо Абэ 16-апрелде телекайрылуу жасап, мындай режим кеминде 7-майга чейин өкүм сүрөрүн айтты. Ал муну вирус тарап жатканы менен негиздеди.
Өкмөт башчынын айтымында, оору жуктургандардын санын кыскартуу үчүн адамдардын ортосундагы байланышты 80 пайызга чейин азайтуу зарыл. Өзгөчө абал маалында өлкөнүн ар бир жаранына ай сайын миң доллардай төлөнүп турат.
17-апрелде Жапонияда коронавирус жуктургандардын саны 9 миңден ашты, 190 киши көз жумду.
Дүйнө жүзүндө вируска чалдыккан кишилердин жалпы саны 2 миллион 182 миңден жогорулады, 145 миң адам каза болду. Ушул тапта АКШ, Улуу Британия жана Францияда абал оор.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ