Menu

Депутат Жамалдинов Молдомуса Коңгайтиевдин уулун сабап, камалган Эмилбек Кимсановду өзүнчө камерага которууну суранды

Бөлүшүү:

Парламенттин 15-апрелдеги жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгайтиевдин уулун сабаган деп шектелген Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановду тергөө изоляторундагы өзүнчө камерага которууну суранды.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Айваз Кадыров Эмилбек Кимсановдун тергөө абагында сабалгандыгына байланыштуу суроого жооп бере алган жок.

“Анын туугандары кабатырланып жатышат. Аны өзүнчө камерага коюу керек. Эмилбек Кимсановдун өзү Башкы прокуратурага кайрылган, бул катты карап көрүңүз “, – деди Мамлекеттик кызматтын жетекчилигине эл өкүлү.

Эске салсак, мурдагы Бажы кызматкери Эмилбек Кимсанов жана ММА боюнча чемпион Төлөгөн Рахманберди уулу Молдомуса Конгантиевдин баласын сабаган деп шектелүүдө. Жабырлануучу Автандил Коңгайтиев милицияга тосмо арыз жазып берген, бирок сот ишин токтоткон эмес. Эмилбек Кимсановдун бир тууганы Эмирбек анын үй-бүлөөсүнө Раимбек Матраимовдун үй-бүлөсүнөн коркунуч туулганы жөнүндө видео билдирүү тараткан. Бирок, ал эч кандай фактыларды жана далилдерди келтирген эмес.

Мурунку бажы кызматкери 2020-жылдын февраль айында камакка алынып, андан кийин бошотулуп, ал өлкөдөн качып кеткен. Кийин Санкт-Петербургдан табылып, Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилген. Бирок Башкы прокуратура аларга кошумча материал келип түшкөн жок деп билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: