Бүгүн, 17-апрелге карата коронавирус илдетин жуктурган бейтаптардын саны 489 адамга жетти. Анын ичинен 266сы аял кишилер, 223ү эркек кишилер. Коронавирус менен ооругандардын жашына караганда 35 жаштан 55 жашка чейинкилер жоон топту түзүп жатышат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Таажывирус илдети менен жабыркагандардын жаш курагы:
– 0 жаштан 15 жашка чейин – 45 адам (анын ичинде 1 жашка чейинки 3 ымыркай бар);
– 16 жаштан 19 жашка чейин – 13 адам;
– 20 жаштан 35 жашка чейин – 118 адам;
– 36 жаштан 55 жашка чейин – 189 адам;
– 56 жаштан өйдө – 124 адам.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ