Бүгүн, 17-апрелге карата Кыргызстанда дагы 23 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 14, Чүй облусунда – 1, Ош облусу – 4, Ош шаары – 2, Ысык-Көл – 2 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 489га жетти.
Алардын ичинен:
– Ош облусунда — 135 адам;
– Жалал-Абад облусунда — 93 адам;
– Ош шаарында — 73 адам;
– Бишкекте — 102 адам;
– Нарын облусунда — 45 адам;
– Чүй облусунда — 28 адам;
– Баткен облусунда — 5 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 8 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ