Бир сутка ичинде коронавирустан айыккан 23 бейтап ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрель күнү КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайг брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, Ош шаарынан 7 адам, Бишкек шаарынан 9 киши, Жалал-Абад облусунан 7 адам ооруканадан чыгарылган.
“Кайталанган анализдеринин жыйынтыктары терс болуп, сакайып чыгып, үйлөрүнө кайтышты” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Ошентип, республика боюнча жалпы 114 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ