Menu

Фото – Ош шаардык ички иштер башкармалыгына милиционерлерди дезинфекциялоочу тоннель орнотулду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын эрте мененки кызмат алдындагы тескемеге Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов келип, кызматкерлердин бүгүнкү оор кырдаалда иштеп жаткандыктарына ыраазычылыгын айтты. Бул тууралу Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча коменданттын маалымат борбору билдирди.

«Бүгүнкү кырдаал кайсы кызматтын маанилүү экендигин көрсөттү. Эмнеге даяр же, даяр эмес экендигибизди дагы билдик. Ушундай оор шартта кызмат өтөп жаткан Сиздерге Ош шаарынын мэриясы ыраазычылык билдирет. Ар дайым мамлекет, жергиликтүү бийлик органдары сиздерди ар тараптуу колдоого даяр. Амандыкта болуп, оору сыркоодон алыс болуңуздар» деген каалоосун билдирди мэр Сарыбашов.

Ошондой эле башкармалыкка көп ирет иштетүүгө мүмкүн боло турган 200 даана коргоочу атайын кийимдерди, 5000 даана медициналык беткаптарды тапшырды. (Бүгүнкү күндүн экинчи жарымында дагы кошумча 200 даана алынып келинет) Жаңыдан иштей баштаган дезинфекциялоочу тоннелдин иштөөсү менен таанышып чыкты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги М.Боронов өлкө, жергиликтүү жетекчилик жана милиция кызматкерлеринин маселелерине, өлкө коопсуздугуна кайдыгер карабаган жарандар тарабынан учурда колдон келишинче милиция кызматкерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жаткандыгына ыраазычылыгын айтып, милиция кызматкерлери алдыларына коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн болгон күч аракеттерин жумшай тургандыктарын билдирди.

Жогоруда белгилегендей, бүгүндөн баштап Ош шаардык ички иштер башкармалыгында дезинфекциялык тоннель иштей баштайт. Бул жабдуу адам кыймылына жараша иштеп, кызматкер кирген учурда дезинфекциялоочу каражат чачып турат. Мындан ары ар бир кызматкерлерге кызматка чыгаарда жана кезектеги сменден келген соң бул аппараттан пайдалануу милдеттендирилди.

   

   

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: