Бүгүн, 17-апрель күнү өкмөттүк онлайн брифингде КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирусту жуктурган милиционердин бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу айтты.
“Коронавирус жуктуруп алган Саламаттыкты сактоо министрлигин кайтарган милиция кызматкеринде оорунун жеңил формасында өтүп жатат. Оорунун ачык белгилери байкалган жок. Ага карабастан, ал толук дарылоо курсунан өтөт”, – деп билдирди министрдин орун басары.
Ал ошондой эле, коронавирусун жуктуруп алган милиция кызматкери менен байланышта болгон адамдар лабораториялык тестирлөөдөн өтүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин билдирди.
“Ал менен 90дой адам жакын байланышта болгон, чогуу иштеген 200 адам дагы байланышта болгон. Алардын арасында коронавирусту жуктуруп алгандар жок” – деп белгиледи Нурболот Үсөнбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ