“Коопсуз шаардын” камералары иштеп жатат жана жол эрежелерин бузгандарды жазып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде өкмөттүк брифингде Бишкек шаарынын комендантты Алмаз Орозалиев билдирди.
“Мен жарандарды жол эрежелерин бузбоого үндөйм, бүгүн көчөдө унаалар дагы аз, бир жерге бара жатканда шашуунун кажети жок, анткени сиз тыгынга кабылбайсыз. Ал эми камераларга түшүп калган эреже бузуулар боюнча кошумча маалыматтар берилет”, – деди Орозалиев.
Анын айтымында, Бишкек шаарында карантин учурунда 38 жол кырсыгы катталган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ