Коронавирус инфекциясын жуктургандар менен байланышта болгондордун саны 7593 адамды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Байланышта болгондордун ичинен:
– Биринчи категориядагы байланыштар- 1612 адам;
– Экинчи категориядагы байланыштар- 5981 адам.
Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 857 адам жатат.
Учурда өлкөдө 489 адам коронавирус илдетин жуктурган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ