Menu

Видео – Бүгүн түштөн кийин Түркиядан 212 кыргызстандык жаран Бишкекке учуп келет

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-апрелде түштөн кийин Түркиянын Стамбул шаарынан Бишкекке 212 жүргүнчүсү бар учак учуп келет. Бул тууралуу республикалык штабдан билдирди.

Алардын айтымы боюнча, Түркиядан келген кыргызстандыктар Бишкектеги “Ак Кеме” мейманканасына обсервацияга жаткырылат.

Түркиядан Кыргызстанга учуп жатышкан мекендештер бул каттамдын демилгечиси катары “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдакматовду эсептеп, ага ыраазычылыгын билдиришти.

“Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Фейсбуктагы баракчасына Түркиядагы мекендештердин аэропорттогу видеосун жүктөп, ушул күндү көптөн күткөнүн айтып, алардын аман-эсен келип алышын айткан.

“Урматтуу мекендештерим, ушул күндү күтүп, тилеп келдик. Силердин “учканы жатабыз” дегениңер жүрөк жылытат. Баарыбыздын мээнетибиз текке кетпептир. Аман жетип алыңыздар!

Элибиздин башынан эмне гана өткөн эмес. Кудайым буйруса аз убакыттан кийин өз мекенинерге келип, жакындарыңар менен көрүшөсүңөр. Эң негизгиси, элибизде амандык, ынтымак, биримдик, ал эми, өлкөбүздө өнүгүү болсун!
Аман эсен, бири бириңерди угуп, сыйлап мекенибизге сак саламатта келиңиздер!

Өзгөчө ыраазычылык урматтуу Исхак Айтбаевич, Наталья Владимировна Сиздерге билдиребиз! Маселенин чечилишин көзөмөлдөп, парламентте карап, өкмөткө талаптарды коюп атып, биртуугандарыбыз мекенине кайтып келатышат. Бар болуңуздар!” – деп жазган Жеңиш Молдокматов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

75 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: