Душанбеде Шохмансур райондук соту журналист Далер Шарифовду бир жылга жалпы режимдеги колонияга кести. Мамлекеттик айыптоочу аны 2 жыл 4 ай эркинен ажыратууну сураган.
Сот отуруму 16-апрелде өттү. Далер Шарифовдун адвокаты журналист азырынча өкүмдү даттанбай турганын, бирок айыптоолорду четке какканын билдирди. Тажикстанда белгилүү журналист үч айдан бери тергөө абагында болчу.
Журналист ушул жылдын башында Тажикстандагы парламенттик шайлоону утурлай камалган. Ага «улут аралык жана диний кастыкты козуткан», өлкөдө 2006-жылдан бери тыюу салынган «Мусулман агайындар» кыймылынын атынан «үгүт жүргүзгөн» деген айып коюлган. Шарифов күнөөсүн мойнуна алган эмес.
«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму тажик бийлигин Далер Шарифовду токтоосуз түрмөдөн бошотууга чакырган жана ага кылмыш ишинин козголгонун «акылга сыйбай турган көрүнүш» катары сыпаттаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ