Коронавирусун жуктуруп алган бейтаптын бардыгы мамлекеттин эсебинен дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде өкмөттүк онлайн брифингде КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымы боюнча, дарылануу мезгилинде жарандардын каражаттары жумшалбайт.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 489га жетти. Алардын ичинен 116сы медициналык кызматкерлер. Жалпы республика боюнча 114 жаран оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. Тилекке каршы, 5 адам оорудан улам каза тапкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ