“Биз коронавирус боюнча прогоноздорду да карап жатабыз. Кыргызстанда коронавирус оорусунун өзүнүн эң жогорку деңгээлине 24-апрелде жетет деп күтүп жатабыз. Ушундай болуп калыш мүмкүн деп”- деп билдирди бүгүн, 17-апрелде Саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
“Ошон үчүн бугааааа карата даярдыктарр да каралган. Обсерваторлордо кошумча орундар чектелген. Ал боюнча атайын түзүлгөн перечень бар. Буга карата МЧС тарабынан да бир топ камдануу иштери бар. Кошумча орундарды бары ачылып, жетиштүү санда даярдалат деп ойлойм”, – деди Саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ