“Кыргызстанда коронавирусту дарылоодо Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан берилген колдонмолору колдонот” – деп билдирди бүгүн, 17-апрелде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
“Ал колдонмолорду республиканын шартына ылайыкташтырып, ошону менен ишти алып барып жатабыз. Толук текшерилген, эффективдүүлүгүн көрсөттү деген дарылоо курстарынын барын иштеп чыгып, Кыргызстандагы медицина кызматкерлерине колдонмолорду даярдап, алгоритмдер берилген”, – деди Саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ