Menu

Алмазбек Орозалиев, комендант: “Жашаган жериңизде милиция кызматкерин көрбөсөңүз, 1312 номери аркылуу командатурага чалсаңыз болот”

Бөлүшүү:

Бишкекте 410 патрулдук милиция иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде өкмөттүк онлайн-брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымы боюнча, кызматкерлер Бишкектин ар бир районуна бөлүштүрүлгөн.

“Азыр шаарда көп адамдар бар, бирок көпчүлүгү жүйөлүү себептерден улам, дүкөнгө, ооруканага же дары-дармекке чыгышат. Ошондой эле, сыртка жөн эле сыртка чыккандар да бар. Биз, күн сайын кызматкерлер үчүн тренингдерди өткөрүп жатабыз. Эгер сиз жашаган жерде милиция кызматкерлерин көрбөсөңүз, анда 1312 телефон номери аркылуу командатурага кайрылсаңыз болот. Биз чара көрөбүз” – деп билдирди комендант.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: