Коронавирус инфекциясы тастыкталган жарандар Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургундары. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде өкмөттө өткөн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка караганда, ооругандар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.
Буга чейин Индияга барган 1990-жылы туулган Каракол шаарынын тургуну коронавирус менен ооруп жаткандыгы кабарланган. Бирок ал айыгып кеткен. Андан кийин анын кызынан жана балдызынан коронавирус табышкан.
Ошондой эле, эми коронавирус анын 2017-жылы туулган баласынан жана 2011-жылы туулган дагы бир балдызынан табылды.
Учурда үй-бүлө бардык жарандары 30-марттан бери обсервацияда жатат. Ал эми үй-бүлө башчысы коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Ошентип, аталган аймакта 8 адам коронавирус жуктуруп, алардын ичинен 4 бейтап айыгып кетишти.
Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматында, 5-апрелде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, шаардык штаб кыш заводунун аймагындагы 55-үйгө тосмолорду коюуну чечкен, анткени бул үйдүн жашоочуларынын бири коронавирус жуктуруп алган. 30-марттан бери бейтап үй-бүлөсүндөгү 5 адам менен облустук бириктирилген ооруканада көзөмөлдө жатат. Коронавирус менен ооруган жаран дарыгерлерге өзү менен байланышкан адамдар жөнүндө маалымат берүүнү каалабагандыктан, үйгө атайын карантиндик резим берүү чечими кабыл алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ