Бишкек шаарындагы №17 үй-бүлөлүк медицина борборунун 4 кызматкеринен коронавирусу аныкталгандан кийин оорукана дезинфекциялоо үчүн жабылды.
№17 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Гүлнара Ташибекованын айтымында, дарыгерлер Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен байланышкан (буга чейин аталган борбордун кызматкерлери вирусту жуктуруп алганы кабарланган).
Жалпысынан ооруканада 40ка жакын адам иштейт. Учурда алар менен байланышта болгон адамдардын саны аныкталууда.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 489га жетти. Алардын ичинен 116сы медициналык кызматкерлер. Жалпы республика боюнча 114 жаран оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. Тилекке каршы, 5 адам оорудан улам каза тапкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ