Түштүк Африка Республикасындагы “Крюгер” атындагы улуттук паркындагы жолдо арстандар уктап жатканын сүрөткө парктын көзөмөлчүсү Ричард Соури тартып алган. Ал бул көрүнүштү паркты кыдырып жүргөндө байкаган деп жазат Би-Би-Си.
Парк 25-марттан бери карантинге алынган, бирок Соури өз ишин токтотпой улантып жатат.
Сүрөт: Richard Sowry / ВВС
Анын айтымында, мурун мындай көрүнүштү түнкүсүн сейил бакта эч ким жок кезде көрүүгө болот эле, бирок азыр күндүзү да эч ким жок болгондуктан арстандар кан жолго чыгып беймарал уктап калышкан.
Сүрөт: Richard Sowry / ВВС
«Арстандар унаалардагы адамдарга көнүп калышкан. Бардык жаныбарлар жөө жүргүнчүлөрдөн коркушат, ошондуктан мен алардын жанына бара албайм”, – деп түшүндүрөт Соури.
Сүрөт: Richard Sowry / ВВС
Ал эми Ричард Соури бул сүрөттөрдү автоунаасында отуруп уюлдук телефонуна тартып алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ