Menu

Бишкекте уурулар “Рay 24” төлөм терминалын ачууга аракет кылышкан

Бөлүшүү:

“Рay 24” компаниясынын кызматкери Илья Кириченко бүгүн, 17-апрелде журналисттерге кайрылып, белгисиз адамдар Бишкекте бир нече төлөм терминалдарын ачууга аракет кылып жаткандыгын айткан. Ал “милиция кызматерлери өзгөчө кырдаал учурунда түнкүсүн иштейби”,- деп сурады. 

Анын айтымында, 16-апрелден 17-апрелге караган түнү белгисиз адамдар 5-кичи районундагы  Юнусалиев(мурдагы Карл Маркс көчөсү) көчөсүндөгү Beta Stores-2 соода борборунун маңдайында жайгашкан төлөм терминалын ачууга аракет кылышкан.

“Кечээ, 16-апрелде биздин кызматкерлер терминалдын жакшынакай болуп турганын көрүшкөн. Ал эми бүгүн эртең менен алар терминалды ачууга аракет кылышканын байкашкан. Бирок уурулар акчаны ала алышкан эмес”, – деди Кириченко.

Ал белгилегендей, алар ички иштер органдарына кайрылышкан эмес, анткени кол салгандар акчаны уурдай алышкан эмес. Терминалды гана бузушкан.

“Бул иш боюнча атайын соттук териштирүүнүн кереги жок, анткени биз эч кандай зыян тарткан жокпуз. Биз полициядан гана түн ичинде бир аз этият болушун суранабыз. Терминал чоң жолдо жайгашкандыктан ага кол салгандарды көрбөй калуу мүмкүн эмес”, – деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле Кириченко, “эгерде терминалдан акча уурдала турган болсо, биз полицияга арыз жазмакпыз. Анткени биз, агенттер, акчаны алабыз жана эч ким бизге акчаны кайтарып бербейт. Пишпек районунда жана шаардын борборунда терминал ачуу боюнча ушундай аракеттер жасалган. Булардын баары өзгөчө кырдаал учурунда болгон. Ушундан улам биз эки күндүн ичинде терминалдан каражаттарды чыгарып турабыз”, – деп жыйынтыктады Илья Кириченко.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: