Кара-Көл шаарынын бийлиги спирт ичимдиктерин сатууга 15-апрелден тартып айдын аягына чейин тыюу салды. Бул тууралу шаардын мэри Ильяз Еркеев билдирди.
Мындай чечимге келүүнүн себеби Нарын суусуна суу спорту менен машыккандар көп чыгып эс ала башташканынан болгон.
Андан сырткары мэр видеобилдирүү жарыялап, анда “Шаарда коронавируска шектелген 9 адам ооруканада жатат. Буга чейин чектөө саат 3кө чейин болчу, эми саат 7ге чейин узарттык. Мурун тартип бузгандарды эскертүү менен чектелчү элек, эми 13-апрелден тартып айыппул сала баштадык. Эми эч кимди аябайбыз. Анткени арак ичип алып саат 7ден кийин мыйзам бузгандар көбөйүп кетти”, – деп эскертти мэр.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ