Menu

Бишкектеги үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун кызматкерлери министрликтен коронавируска анализ алуусун суранып жатышат

Бөлүшүү:

Бишкектеги №2, 9, 10, 12 үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун коронавирус жуккан эпидемиологдор менен иштешкен дарыгерлери Саламаттыкты сактоо министрлигинен тез арада өз кызматкерлеринен коронавируска тест алуусун суранып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинин консультанты Елена Баялинова билдирди.

“Керек болсо, аталган борборлорду жаап, ал жакты дезинфекциялоо керек. Дарыгерлердин көпчүлүгү аялдар, алар жумушунан үйгө кайтап келүүдөн коркушат, үй-бүлөсүн вирусту жугузуп алам деп кооптонот жана обочолонууга даяр” – деп билдирди Елена Баялинова.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги №17 үй-бүлөлүк медицина борборунун 4 кызматкерлери коронавирусту жуктуруп алганы белгилүү болду. Алар Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен  байланышкан (буга чейин аталган борбордун кызматкерлери вирусту жуктуруп алганы кабарланган). Оорукана дезинфекциялоо үчүн жабылган.

Учурда Кыргызстанда 489 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын ичинен 116сы медициналык кызматкерлер. Жалпысынан 114 адам оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылгын. 5 киши коронавирустан улам каза болгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: