Menu

Видео – Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев жергиликтүү пенсионерлерден кечирим сурады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев маалымат жыйын беришти. Анда Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев  жергиликтүү пенсионерлерден кечирим сурады.

Анын айтымында, буга чейин Сузак районундагы пенсионерлердин көпчүлүгү пенсияларды банк картасы боюнча алышкан. Бирок коронавируска байланыштуу жагдай боюнча, пенсияларды почта кызматкерлери тарабынан үйлөрүнө жеткирип берүү чечими кабыл алынган. Мындай чечим карылар үйлөрүнөн сыртка чыкпай жана ооругандар менен байланышта болуп калбашы үчүн кабыл алынган .

“Азыр пенсионерлердин 30% пенсия алышты. Ал эми пенсиясын ала элек калган пенсионерлер жакында пенсияларын алышат. Пенсияларды жеткирүүнү 23-апрелге чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз. Пенсияларды жеткирүү жагынан биз кечигип жаткандыгыбыз үчүн мен, аким катары, пенсионерлерден кечирим сурайм ”, – деди Омошев.

Ал кошумчалагандай, учурда районго ар кандай ишкерлерден гуманитардык жардамдар келүүдө. Алар аны баардыгына бирдей таратууга аракет кылып жатышат.

Аким азык-түлүккө муктаж болгон Сузак районунун тургундарына 0701-11-70-30 номерине чалып жардам сураса болоорун айтты. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: