Menu

Алайдагы педиатр министрлик уруксат берсе, медициналык кызматкерлер эмне себептен коронавирусту жуктуруп алып жатканын аныктоого даяр экенин билдирди

Бөлүшүү:

Алай районунун педиатры Өмүрбек Шайназаров ага медициналык кызматкерлер коронавирустук инфекцияны жугузуп алуусунун себептерин изилдөө үчүн мүмкүнчүлүк берүүнү сунуш кылды. Ал бул сунуш менен бүгүн, 17-апрелде Ош, Кара-Суу жана Ноокат райондорундагы коменданты Малик Нурдиновго онлайн-брифинг учурунда кайрылды.

“Мен, Шайназаров Өмүрбек Алайдын тургуну болом. Педиатрмын, 44 жылдык тажрыйбам бар. КРнын эмгек сиңирген врачымын. 68 жаштамын. Бүгүнкү күндө медиктердин көбү ооруну жузугуп алышты, мага министрликтен уруксат беришсе, медиктердин эмне үчүн ооруп жатканын жана Ош шаарындагы ооруканалардагы оорулууларды дарылаганча, оорунун себебин аныктоого аракет кылып көрөйүн. Эгерде, мен дагы ооруп калсам, мага болгон тийиштүү кенемтени коронавирустан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө берем” – деп жазган Өмүрбек Шайназаров.

Комендант Малик Нурдинов буга чейин мындай сунуштар түшкөн эместигин билдирди.

Албетте, биз сиздин сунушуңузду Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаарындагы жетекчилигине беребиз. Мындай сунушту айтуу ар бир адамдын колун келе бербейт. Оорусам дагы оорунун себебин изилдеп, “тажрыйбамды жаш доктурларга жеткизип коёюн, кенемтени дагы албайм” деген сөз мекенин сүйгөндүгүн билдирет” – деп билдирди комендант.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: