Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Пандемия олуттуу сыноо гана эмес, өнүгүүнүн маанилүү тарыхый учуру да болуп калат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска байланыштуу экономикалык кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режимин киргизүүгө жана узартууга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңеш колдоого алган чечими азыркы шартта өтө туура болуп саналат. Анын айтымында, бул коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө бурулушка жетишүүнүн зарыл шарты.

«Инфекциянын жер-жерлерде жайылуусу жада калса дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүндө саламаттык сактоо системасын кризиске алып келди. Пандемия дүйнөлүк экономикага эбегейсиз зыян келтирет жана глобалдык экономикалык кризис кооптуулугун туудурат.  Биз пандемия коркунучуна туш болбой коюу мүмкүн эместигин түшүнүп, бардык даярдык чараларын, албетте, биздин мүмкүндүктөрүбүздү жана чыныгы шарттарды эске алуу менен кабыл алууга аракет кылдык. Вирус улуттук саламаттык сактоо системасындагы гана эмес, экономика чөйрөсүндөгү, жада калса мамлекеттик башкаруудагы курч маселелерди ачыктады. Кризистик кырдаал шарттарында  жашоо үчүн маанилүү товарларды сатып алууда чоң кыйынчылыктар жаралды. Өкмөткө кыйла маанилүү финансылык да, материалдык да резервдери жок шартта өз жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо боюнча чараларды шашылыш түрдө кабыл алууга туура келди. Түзүлгөн жагдай пандемия менен натыйжалуу күрөшүү үчүн ата мекендик саламаттык сактоо системасында дараметтин жетишсиз экендигин көрсөттү. Биз баарыбыз жарандардын саламаттыгын биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин өз жанын аябагандыгынын аркасында сактоого мүмкүн болуп жатканына күбө болуп турабыз», – сказал Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтуусунда, Кыргызстанда коронавируска чалдыккандарды каттоо биздин негизги соода өнөктөштөрүбүздүн мунайзат жана валюта рынокторундагы туруксуздугунан келип чыккан азык-түлүк кризисинин тобокелдиктери менен коштолгону кырдаалды татаалдаштырды. Бирок, Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, коңшу өлкөлөрдүн жетекчилиги менен убагында жетишилген макулдашуулардын натыйжасында биз жүк ташуулардын негизги агымын жана товарларды импорттоонун көлөмүн сактап кала алдык.

«Биз базарларда атайылап түзүлгөн дүрбөлөңдөн пайда табууну каалагандардын аракеттерин катаал түрдө токтотуп, негизги тамак-аш азыктарынын бааларынын кескин өсүшүнө жол берген жокпуз. Чекене бааларга күн сайын мониторинг жүргүзүүнү улантуудабыз, тынымсыз жүрүп турган бааларды негизсиз көтөрүү аракеттеринин алдын алууга жетишип жатабыз. Жарандарыбыз күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк менен камсыз болорунан, ал эми муктаждарга жардам көрсөтүлөрүнөн күмөн санабоого тийиш», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал убактылуу кыйынчылыктар эң коркунучтуу нерсе – кооптуу инфекциянын кеңири жайылышына жол бербөө максатында киргизилгенин белгиледи. Бул аргасыз, бирок жашоо үчүн зарыл чечим болду.

«Ар бирибизге кесепетин тийгизген коронавирус пандемиясы биздин өлкө үчүн эң бир орчундуу сыноо катары гана эмес, улуттук экономиканы жөнгө салуу принциптерине жаңыча көз караш менен кароого шарт түзгөн маанилүү тарыхый учур болуп калат деп ишенебиз», – ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: