Menu

Түркмөнстанда гомосексуализмге шектелип белгилүү шоумен кармалды

Бөлүшүү:

Түркмөнстандагы белгилүү шоумен, артист жана алып баруучу Г.С. Ашхабадда камакка алынды. Бул жаш жигит гомосексуализмге шектелип жатат.

Бул маалыматты turkmen.news сайтынын бир нече маалымат булактары ​​тастыкташты.

Г.С. менен бирге дагы онго жакын адам, алардын ичинде анын жигити дагы камакка алынган. Кийинчерээк кармалгандардын айрымдары акча берип, бошотулган. Г.С. жана башка бир нече жаштардын иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми сот иши жакында өтөт. Алардын бардыгы Түркмөнстандын Кылмыш-жаза кодексинин 135-беренеси боюнча “бачабаздык” боюнча эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Кармалгандардын арасында башында түркмөн шоу-бизнесинин жана модель индустриясындагы элитасынын өкүлдөрү болгон белгилүү адамдар бар болчу. Turkmen.news редакциясы кеминде үч кишинин аты-жөнүн билишет, алардын ичинде Г.С. да бар. Этикалык себептерден улам, редакторлор алардын аттарын жарыялоодон баш тартышат.

Жигиттердин жактоочулары бар экени белгилүү, бирок аларды бул иш боюнча жактоочу катары иш алып барууга көндүрүү кыйынга турат: Түркмөнстанда жактоочулар эркектердин “бачабаздык” боюнча ишти жактоодон баш тартышат. Анткени аларды пайдасыз, натыйжа чыкпайт деп эсептешет. Ошондой эле кесиптештери жана “эл эмне дейт?” деп чочулашат.

Түркмөнстанда бир жыныстагы чоң кишилердин өз ара жыныстык мамилелери                                                          криминалдаштырылган

Өткөн жылдын октябрь жана ноябрь айларында түркмөн гомосексуалдарын куугунтуктоо окуялары боюнча жаш түркмөн дарыгери Касымберды Гараев Түркмөнстандын Азатлык радиосунуна жашыруун интервью берген. Билдирүүдөн бир нече күн өткөндөн кийин, жигиттин дайыны жок болуп кеткен.

Кийинчерээк радионун жана turkmen.news басылмасынын журналисттери, жаш дарыгерде баары жакшы экенин, бирок үй-бүлөсү аны интернетке киргизбей жатканын билдиришкен. 31-декабрга чейин Касымберды Гараев өзүнүн Фейсбук баракчасына жаңы жылга чейинки сүрөттөрүн тынбай жарыялап турган, бирок жаңы жыл келгенден кийин башка эч нерсе жарыяланган эмес. Азыркы убакка чейин ага эмне болуп жатканы белгисиз.

Түркмөнстан бийлиги эл аралык коомчулуктун бир жыныстагы мамилелерди криминалдаштырууга байланыштуу сын-пикирлерин четке кагууда. 2017-жылдын март айында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Түркмөнстандын жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык конвенциясынын сакталышы боюнча экинчи мезгилдүү докладын карап жатканда, Президенттин алдындагы Түркмөн Улуттук Демократия жана Адам Укуктары Институтунун Демократия жана адам укуктары бөлүмүнүн башчысы Шемшат Атаджанова мындай деди: Түркмөнстан бир жыныстагы мамилелерди декриминалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.

“Бул түркмөн маданиятына, үй-бүлөнүн салттуу принциптерине негизделген түркмөн элинин менталитетине карама-каршы келет, ошондуктан мыйзамдарга мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү жол берилбейт” деди ал.

Иликтөө стадиясында гомосексуализмге шектелген адамдар соттук-медициналык экспертизадан өтүшөт, көтөн чучуктун аймагы текшерилет. Адатта, полиция кызматкерлери үчүн гомосексуализмге шектелген адамдын телефон китепчесинде дагы бир кумсанын номуру болушу эле аны  суракка чакыруу үчүн негиз  болуп эсептелет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: