Бишкекте “Toyota Ist” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу патрулдук милициянын инспекторун сүзүп, качып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришкен.
Маалыматтар боюнча, окуя түшкү саат 12:40та болгон. Жеңил автоунаанын айдоочусу милиционерди сүзүп кетип, белгисиз тарапка качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен милиция кызматкери жабыркап, Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.
Учурда унаа менен патрулдук милициянын кызматкерин сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ