Menu

Өкмөт мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысынын кыскартылышы тууралуу маалымат боюнча

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө кырдаалдар режими жана айрым шаар, райодорго киргизилген өзгөчө абал учурунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын кыскартуу жөнүндө  социалдык түйүндөрдө тарап жаткан маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөндөгүлөрдү билдирет:

Өзгөчө кырдаалдар режими жана өзгөчө абал учурунда штаттык режимде ишке тартылган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы толук көлөмдө төлөнөт.

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери учурунда аралыктан иштеген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы түздөн-түз иш ордундагы милдеттерин аткаруудан көз каранды болгон үстөктөрдөн тышкары тийиштүү кошумча төлөмдөрдү (иштеген жылдары үчүн, класстык чин, окумуштуулук даражасы жана бийик тоолуу, алыскы аймактар) эске алуу менен төлөнөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: