Menu

Өкмөт калктын аярлуу катмарын ун менен камсыз кылуу боюнча ишин улантууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жалпысынан өлкөнүн бардык аймактарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө таратуу үчүн биринчи сорттогу 4459,5 тонна ун бөлдү.

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан бардыгы болуп Ош облусуна 1258,4 тонна ун берилди. Анын 230,5 тоннасы эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес болуп турган Кара-Суу районуна, 401,85 тоннасы Ноокат районундагы калктын аярлуу катмарына таратылууда. Ал эми Жалал-Абад облусуна 1241,75 тонна бөлүндү. Анын 456,25 тонна уну өзгөчө абал кирген Сузак районуна жеткирилди. Баткен облусуна 273,05 тонна; Нарын – 281,10; Чүй – 392,55; Ысык-Көл – 267,60; Талас – 245 тонна ун берилди.

Муну менен катар өзгөчө абал кирген Бишкек шаарына 370 тонна бөлүнсө, Ош шаарына 130 тонна ун жеткирилди.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан бөлүнгөн ун атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин  негизинде муктаждарга таратылып жатат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында буудай жана ундун кору жетиштүү көлөмдө. Буга кошумча дагы Россия Федерациясы менен Казакстан Республикасындагы компаниялардан келишимдик негизде 28 миң тонна буудай сатып алынды. Ал май айынын аягына чейин толук көлөмдө өлкөгө темир жол аркылуу жеткирилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: