Акыйкатчы Токон Мамытов баласын катуу сабаган кыргызстандыкты камакка алууну жана жазалоону талап кылат. Бул тууралуу 17-апрелде КР Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, Акыйкатчы бул окуяны өзгөчө көзөмөлгө алган.
“Мындай жүрүм-турумга жол берилбейт, ал мыйзамдардын чегинде жазаланууга тийиш”, – деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле укук коргоочулар, балдарды зомбулукка дуушар кылган кишини уулу жана башка балдары менен мындан ары байланышуудан алыс болуу керектигин белгилешти.
“Жок дегенде, ага карата тийиштүү соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүлгөнгө чейин байланышуудан алыс болушу керек”, – деп билдирди акыйкатчынын аппаратынан.
Белгилей кетсек, кечээ, 17-апрелде социалдык тармактарда кыргызстандык жаран жаш баласын “отжимание” жасабагандыгы үчүн ур-тепкиге алып, муунтканга чейин барган видеосу тараган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ