Menu

Бишкекте алдамчылык жол менен 45000 долларды алып качып кеткен жаран кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте бир аялдын 45 миң долларын алдамчылык жол менен алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алданган аял укук коргоо органдарына кайрылып, тааныш эмес адам ишеним көрсөтүп, ага батир сатып берем деп убада бергендиги аныкталды. Кармалган жаран 45 миң долларды алгандан кийин, дайынсыз жоголгон.

Аталган факт Укук бузуулардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин “Алдамчылык” боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Укук коргоо органдары 28 жаштагы Н.М. аттуу жаранды кармашкан жана ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: