Баткен районунун Кара-Бак аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери чек аралаш аймактарды милициянын көчмө кабылдамасы менен аралап жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ал эми санитардык-карантиндик посттордо милиция кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, өзгөчө кырдаал министрлигинен кызматкерлери менен биргеликте иш жүргүзүп, айыл аймактарга кирген автоунааларга дезинфекциялык иштерди жандандырууда. Бул тууралу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.
Кара-Бак айыл аймагы коңшулаш Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Лаккан, Багыстан айылдары менен чектешет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ