Бир сутка ичинде өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алган 16 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде өкмөттүк онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Оорудан айыккандар, Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык ооруканадан төрт адам. Ал эми Жалал-Абад облустук ооруканасынан 12 адам чыгарылды.
Муну менен өлкөдө айыккандардын жалпы саны 130га жетти.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ