“Биринчиден, оорулуунун өзүнө карата коркунучтуу эмес болушу мүмкүн, ал ооруну сезбеши мүмкүн. Бул адамдын иммунитетинин күчтүүлүгүнөн болушу мүмкүн. Экинчиден, оорунун белгилери билинбей өтүп кетиши мүмкүн” – деп билдирди бүгүн, 18-апрелде Саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
“Эпидемиологиялык жагынан карасак, бул өтө кооптуу жагдайга алып келиши мүмкүн. Анткени, оору симптомсуз өтүп жатканда, айлана-чөйрөгө вирстун чыккандыгы байкалат. Башка элдерге коркунуч туудуруп коюшу мүмкүн”, – деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ