Бүгүнкү күндө аныкталган коронавирустук инфекциянын бардык учурлары сырттан келгендердин ичинен эмес, өлкөнүн ичинде байланышта болгон адамдардын арасынан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрель күнү КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк-онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, жалпы калк арасында инфекциянын таралышы байкалган жок.
“Ошондуктан, биз ар бир ишти кылдаттык менен иликтеп, баардык байланышкан адамдарды тактап жатабыз. Коронавирус чыккан аймактардын бардыгы белгиленген. Эпидемияга каршы ири иш-чаралар жүрүп жатат” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, коронавирусту жуктуруп алган бейтаптар менен жалпысынан 7738 адам байланышта болгон. Анын ичинен: 1-категория – 1663, 2-категория 6075. Кыргызстанда жалпысынан 506 адамдан коронавирус аныкталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ