Menu

Видео – “Коронавируска чалдыккан дарыгерлердин саны күндөн-күнгө көбөйүүдө, жакында ооруларды дарылоого дарыгер жетпей калбайбы?”

Бөлүшүү:

“Бүгүнкү күндө коронавируска чалдыккан 116 дарыгердин, 36сы жогорку билимдүү врачтар, калганы орто жана атайын билимдүү дарыгерлер. Бирок медициналык кызматкерлер жетиштүү. Ошентсе дагы, дарыгерлер тейлеп жаткан элдердин саны көбөйгөндүктөн, Саламаттыкты сактоо министрлигинин астынан атайын бригадаларды түзүп, жер-жерлерге кошумча күчтөрдү жөнөтүп жатабыз” – деп билдирди бүгүн, 18-апрелде Саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

“Эгерде, координаторлордон дарыгерлер жетпей жатат деген маселе коюлса, аны заматта чечип койгонго мүмкүнчүлүктөр бар. Зарыл болгон учурда эмгек өргүүдө жүргөндөрдү жумушка тартабыз. Медицина кызматкерлеринин арасында өз ыктыяры менен коронавирус чыккан очокторго баргандар бар” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: